Маданият

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейине 70 жыл image Фото: www

28 Янв, 2019 1553

Быйыл “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейине 70 жыл, жана ЮНЕСКОнун тизмесине алынгандыгына 10 жыл болду. Буга карата музейдин аймагына 120 түп карагай отургузулду. Мындан сырткары юбилейлик мааракеге карта февраль айынан тарта “70+10” аталыштагы өзгөчө көргөзмө уюштурулат.

Музей кыргызстандагы эң ири маданий жайлардын бири болуп саналат. Мында улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтер сакталып турат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз