Бишкек шаарында быйылкы 4 ай ичинде тамак-аштан ууланган боюнча 14 учур катталган. Андан 24 киши тамак-аш азыктарынан ууланып кайрылган.
Адистердин айтымында, Рамазан айы башталгандар бери, тамак-аштан ууланып кайрылгандар жокко эсе. Белгилей кетсек, Өзбекстанда Өкмөт чийки эттин ачык асман алдында сатылышына тыюу салган токтом чыгарды. Азыркы учурда, күндүн жылышы менен тез даярдалуучу тамак-аш азыктары атайын белгиленген нормалдуу температурада сакталышы зарыл.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Раткан Асанова, "Биринчи радио"