Илим жана билим

“Эне-Сайлык данакер этнограф” аттуу илимий конференция өттү image Фото: http://kmb3.hostenko.com

14 Апр, 2016 1249

Бишкекте бүгүн Хакас элинини чыгаан окумуштуусу, этнограф, түрк жана кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Астайбек Бутанаевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Эне-Сайлык данакер этнограф” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. “Тарых жана маданият” жылына карата уюштурулган иш-чарага Орусиянын жана түрк тилдүү элдердин тарыхчы-окумушутуулары катышып, президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу окулду. Окумуштуу Бутанаев “Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу жана эне-сайлык кыргыздарды изилдөөдө илимге чоң салым кошкон инсан.

Хакас элинини чыгаан окумуштуусу, Кыргызстандын “Даңк” медалынын ээси, жана “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, Орусиянын жана түрк тилдүү элдердин тарыхчы-окумушутуулары келген. Бутанаевдин 70 жылдык мааракесине карата президент Алмазбек Атамбаев да өз куттуктоосун жөнөткөн.

Хакас окумуштуусуна И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамы тапшырылып, кесиптештери куттуктоо жолдоду. Маараке ээси Астайбек Бутанаев жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, кыргыз тили менен хакас тилинин окшоштугу ала-тоолук кыргыздар менен хакастык кыргыздар Эне-Сай кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары экендигин далилдеп турарын айтты.

Илимий жетишкендиктерине токтолсок, Астайбек Бутанаев бүткүл Түштүк Сибирь жергесин кыдырып, кыргыз жана хакас этнографиясына байланыштуу маалыматтарды жеринен иликтеген. 1994-жылы Монгол жергесиндеги Кыргыз-Нор көлүнбайырлаган кыргыздарды, кийинчерээк Кытайдын Хэйлуңжаң аймагында байырлаган Фу-йү кыргыздарын кыдырып, өзгөчө олуттуу илимий иликтөө жүргүзгөн. Фу-йү кыргыздары Эне-Сайдан Жуңгарияга, андан соң Манчжурияга айдалган кыргыздардын урпактары экенин, тили жагынан азыркы хакастарга жакындыгын тастыктап келет дейт тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев.

Тарыхчылардын арасында Эне-Сай кыргыздары менен Теӊир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы байланыштар, тува, алтай, хакас элдери менен кыргыздардын ортосундагы байланыштар тууралуу ача пикирлер бардейт тарых илимдеринин кандидаты Мурат Кожобеков. Бул, эки кылымдан бери болуп келаткан талаш маселе, бирок Эне-Сай кыргыздары теӊир-тоолуктардын да, хакастыктардын да, алтай, тувалыктардын да түпкү теги. Бул тууралуу Бутанаев терең изилдеп, жаңы илимий багытты калыптандырды.

Окумуштуу Бутанаев тууралуу “Энесайлык данакер этнограф” аттуу илимий жыйнак жарык көргөн жана жаш илимпоз Кайрыкан Жаныбекованын “Профессор В.Я.Бутанаев: Энесай кыргыздары жана алардын тарыхый тагдыры” аттуу китеби жарык көргөн. Ошондой эле жыйында Ала-Тоолук кыргыздар менен Эне-Сай кыргыздарынын ортосундагы байланышты бекемдөө, илимий изилдөөлөрдү ыраатту жүргүзүү зарылчылыктары айтылды.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз