Саясат

Жогорку Кеңеште төрага шайлана элек image Фото: kenesh.kg

14 Апр, 2016 1309

Жогорку Кеңеш төрага шайлаган жок. Учурда талапкерлерди угуп жатышат. Парламент спикери болууга “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев көрсөтүлүшкөн. 

Жогорку Кеңеш Премьер-министрге добуш берүүдө көпкө ойлонбостон чечим кабыл алды. Ал эми парламент төрагасын тандоо оңойго турчудай эмес. Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерликтен баш тартышы да атаандаштыкты жое алган жок. “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канатбек Исаев менен “Өнүгүү-Прогресстин” жетекчиси Бакыт Төрөбаевге саясий чөйрөдө көрсөтүлгөн колдоолор дээрлик бирдей деңгээлде. Парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров коалиция чечим кабыл алып, бир эле талапкерди көрсөтүү сунушун айтты.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Курманбек Дыйканбаев ысымдары аталып жаткан эки талапкер менен тең бир фракцияда бирге иш алып барган. Ал экөөнү тең төрагалыкка татыктуу деп эсептейт. Бирок, парламент кандай чечим кабыл алаарына өз божомолу бар. Ал арада оппозициялык азчылык да четте карап турган жок. “Республика-Ата-Журттан” депутат Максат Сабиров өз фракциялаштарынын атынан талапкер көрсөтүү үчүн убакыт сурады.

Талапкерлердин бири Бакыт Төрөбаев буга чейин 4 мыйзам жазып, 20дан ашуун мыйзам долбоорлоруна авторлош болгон. Былтыркы шайлоодо оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга уруксаат берүү керек деген ураан менен упай топтоп, парламентке келгенден кийин оң рулдуу таксилерге 2020-жылга чейин жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышына салымын кошкон. Ал эми Канатбек Исаев 11 мыйзам жазган. Алар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана сот реформасына байланыштуу. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзамдарды талдап түшүнгөн гана эмес, калыстыкты да туу туткан ишмер болушу керек экенин өзгөчө белгилейт легендарлуу парламенттин депутаты Кубатбек Акматбеков. 

Аттары аталып жаткан эки талапкер 2010-жылы парламентке “Республика” партиясынан шайланып келишкен. Бирок, кийинчерээк экөө тең эки башка жолго түшүп, депутаттык топ түзүп кетишкен эле. Былтыркы шайлоого электораттарына ишенип, өз алдынча команда түптөп аттанышкан. Исаев Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап, кийин кыргыз парламентиндеги алгачкы башкаруучу коалицияны башкарган. Ал эми Төрөбаев жалпысынан 3 жолку чакырылыштын депутаты. Мындай мүмкүнчүлүккө мурдагы “Ак Жол”, “Республика” жана өзү түптөгөн “Өнүгүү-Прогресстин” жардамы менен ээ болуп отурат. Кыска убакытта Өзгөчө кырдаалдар министрлигин да башкарган. Коалициянын курамындагы эки фракциянын лидерлеринин кимисин ийгилик коштоору кийинки аптада белгилүү болот. 

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз