Society

Кытайдын Үрүмчү шаарынан он автобус белекке келди image Фото: http://fotobus.msk.ru

14 Апр, 2016 847

Бишкек шаарына Кытайдын Үрүмчү шаарынан он автобус белекке келди. Алар 1-майдан тартып шаардын көчөлөрүнө рейске чыгат. Мындан сырткары  жаңы 50 троллейбустун жакын арада келери күтүлүүдө. Бул тууралу бүгүн борбор калаанын мэри пресс-турдун жүрүшүндө маалымат берди.

Бишкек шаарында авто унаалардын саны арбыды. Экинчиден көчөлөрдүн тардыгынан улам унаа тыгындары пайда болууда. Бул жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук унааларга көйгөй жаратууда, - дейт шаардык автобус айдоочу Сагыналы Садыков. Айрыкча аялдамалардагы токтоп турган менчик таксилерден улам бир орунда кыйла туруп калуу жагдайлары жаралып жатканын ачыктады.

Шаардагы №14-троллейбус айдаган Бусурманкул Сеитовдун айтымында көп убакыт тыгындарга туш келген учурда орун алат. Анан каттамдар аралык убакытты камсыз кылуу үчүн жүргүнчу түшкөн унааны ылдам айдоого туура келгенин жашырбайт.         Шаар жүргүнчүлөрдү ташуучу авто паркта 455 автобус бар. Бирок анын болгону 110у гана каттамга чыгат. Ошондо бардык автобустардын  төрттөн бири гана пайдаланууда. Көпчүлүгү республикада болгон эки элдик революция маалында керектен чыгып калганын авто парктын жетекчиси Бакыт Темкеев ырастады. Ошого карабай автобустардын катарын көбөйтүү аракети каралып жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардын автобус жана троллейбус парктарында болуп учурдагы абал менен жеринен таанышты. Мэрдин айтымында Кытайдын Үрүмчү шаарынан белекке келген 10 автобус келди. Анын сыйымдуулугу 105 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Белгилей кетчү нерсе автобустар газ менен жүрөт. Келечекте шаарадагы бардык автобустар күйүүчү майдын ушул түрүнө өтөрүн шаар мэри белгиледи. Анткени бул шаардын экологиясын сактоого мүмкүндүк түзөт.         Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы ири көчөлөрдө 2017-жылдын аягында автобус менен троллейбустар гана жүрүп каларын кабарлады. Бул багытта макулдашуулар тиешелүү деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи.

К.Калилов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз