Кыргызстан жаңылыктары

Туура эмес токтотулган унаалар эвакуацияланат image Фото: http://autolynch.ru/

14 Апр, 2016 1113

Жол боюнда туура эмес токтотулган транспорттук унаалар 3 айдан кийин эвакуациялана баштайт. Учурда тиешелүү жоболор жана  техникалык маселелер каралып жатат. Аны менен биргеликте  атайын жол белгилери коюлуп, айып пулдун өлчөмү такталат.

Жол эрежесин бузуп токтотулган авто унаалар жол кыймылына коркунуч жаратып келет.  Себеби мындай жагдай айдоочулардын жолдо жүрүүдө кыйынчылыктарды пайда кылган. Эми административтик жоопкерчилик кодексине киргизилген жаңы берененин негизинде транспорттук техникалар эвакуциялана баштайт.  

Ошондой эле жолдорго  атайын  белгилер  коюлуп, айып пулдун өлчөмү тиешелүү мекемелер менен биргеликте такталат. Учурда Ички иштер министрлиги токтом долбоорун даярдап жатат. Ал ортодо айдоочулар тарабынан дагы түрдүү сын-пикирлер айтылууда. Мисалга, Бишкек шаарында унааларды токтотучуу жайлар жокко эсе. Буга байланыштуу шаардык мэрия менен унаа токтотуучу жайларды куруу маселеси сүйлөшүлгөн.

Андан сырткары эвакуация кызматын жеке же мамлекеттик компаниялар аткара тургандыгы дагы аныкталууда.  Жаңы талап толугу менен 3 айдан кийин иштей баштайт. Ага чейин айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери дагы мерчемделген. Ал эми айдоочулар болсо эвакуациялоо жөнүндө түрдүү пикирде.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койгон. Анын негизинде“Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуциялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” деп аталган жаңы берене киргизилди.            

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз