Ден соолук

Спорт менен машыгуу сасык тумоону алдын алат image Фото: www

1 Фев, 2019 1669

Азыркы учурдагы техниканын өнүккөн мезгилинде, көпчүлүк жарандарда кыймыл аз болуп, ашыкча салмак кошуу көйгөйүн тартып келишет. Негизинен ар бир жаран ден соолугунун чың болушу үчүн убакыт сааты менен спорттун ар кандай түрү боюнча машыгып турушу зарыл. Ал эми ашыкча машыгуу, күч келтирүү организмге терс таасирин тийгизерин медиктер белгилешет.

“Дени сак эл – дени сак өлкө” демекчи, ден соолугу таза, саламаттыгынын чың болушу ар бир жарандын өзүнүн колунда. Бишкек шаарынын тургуну Нурлис Токтогулов да, мурда спорт менен машыгып келгенин, азыркы учурда болсо өзүнүн саламаттыгынын чың болушу үчүн жумушта жана жумуштан сырткары ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турарын айтат. 

Чындыгында, спорт менен машыгып же күндө ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турган адам сасык тумоо менен оорубайт, же оору жеңил өтөт. Бирок, бул кыймыл-аракеттер ашыкча эмес, чеги менен болушу керектигин Оорулардыналдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев белгилейт. Эгерде адам организмине ашыкча күч келтирип машыкса, алсырап чарчоого алып келет. Андыктан, машыгууну дени сак учурунда жасап, эгер ооруп калса, машыгууну сакайганга чейин токтотуу керек.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Раткан Асанова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз