Коом

Динара Сагинбаевага 2 айга СИЗО-1 камакка алынды image Фото: www

17 Май, 2019 374

Мурдагы  саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага  16-майда баш коргоо чарасы тандалып,  2 айга СИЗО-1  камакка алынды. 

Динара Сагинбаева  «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулуп, чет өлкөгө чыкканына байланыштуу кылмыш иштин алкагында суракка чакырылып,  камакка алынган. 

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында  ошондой эле  Жазаларды аткаруу мамлекеттик  комитетинин  төрагасынын мурдагы кеңешчиси  кармалган.  Алар коррупцияга, документтерди жасоо иштерине катышууга жана кызматтык жасалмалуулукка айыпталууда.  Кылмыш иш боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз