Саясат

С.Жээнбеков: региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү - негизги талап image Фото: Султан Досалиев

17 Май, 2019 547

«Региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликке болгон негизги талаптардын бири». Бул тууралуу  Президент  Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда  билдирди.

Өлкө  башчынын белгилешинче,  региондорду өнүктүрүү үчүн бардык  мүмкүнчүлүктөр жумшалууда.   

Сооронбай Жээнбеков  16-майда эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.  Анын алкагында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасынын иши менен таанышты.  Мындан тышкары,  Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна  барды, Түп айылындагы спорт комплекстин курулуш иштерин көрдү.  Президенттин  Ысык-Көл дубанына  жумушчу сапары  бугун , 17-майда, Балыкчы шаарында уланууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз