Экология

15-апрель экологиялык билим берүүнүн эл аралык күнү image Фото: http://opogode.ua

15 Апр, 2016 6256

Бүгүн, 15-апрель экологиялык билим берүүнүн  эл аралык күнү. Бул күндү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү белгилеп, коомчулукка  айлана-чөйрө, жаратылышты сактоонун  мааниси  түшүндүрүлүп келет. Кыргызстанда  дагы экологиялык  билим  берүү күнү өткөрүлөт, анын алкагында  аймактарда  орто жана жогорку   билим берүү мекемелеринде  окуучулар менен студенттерге  түшүндүрүү иштери, алар менен биргеликте   айлана чөйрө тазаланып, бак тигилет. Мына  ушундай  иш чара  бүгүн   шаардагы   Енвер Гареев атындагы  ботаникалык  бакта өттү.

Кийинки  кездерде пайда боло баштаган экологиялык кризистер  жер жүзүндө  адам баласынын жашоо мүмкүнчүлүгүн арттырууда,  экологиялык билим берүүнүн  өзгөчө социалдык мааниге ээ болуп тургандыгын далилдеп  турат. Бизде буга   союз мезгилинде  өзгөчө көңүл  бурулуп келгени менен  өлкө көз карандысыздыгын алган жылдардан тартып  экономикалык маселелер  алдыга чыгып, экологиялык проблемалар  көңүл жаздымдан калтырыланы мисал. Анын арты  бүгүнкү  күндө жаратылыш байлыктарынын  коромжуга учурашына алып келип, акыркы 3-4 жыл аралыгында  гана кайрадан калыбына келтирүү иштерине маани бериле баштады. Алардын бири элдин аң сезимин  өзгөртүүгө багытталган  экологиялык агартуу  иштери.  

Германиянын жаратылышты коргоо боюнча НАБУ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  экологиялык билим берүү боюнча өкүлү  Жаныбек  Чунгулов  кошумчалагандай, экологиялык  агартуу иштерин  жайылтууга   бүгүнкү  күндө  мектеп  окуучулары менен жогорку окуу жайлардын   студенттерине  басым жасалган. 15-апрелге белгиленген иш чарага дагы  студенттер тартылып, Ж. Баласагын атындагы   Кыргыз улуттук университенин  география  факультетинин  студенттери  шаардагы Енвер Гареев атындагы ботаникалык  бакты тазалоого чыгышкан.

Белгилей  кетсек,  15-апрель экологиялык билим берүү күнүн белгилөө 1992-жылы  БУУнун  Рио-де Жанейродо  өткөн жыйынында  каралып,  14 жылдан  бери  дүйнөнүн  көптөгөн мамлекеттеринде  бул  күн белгиленип келет.

Г.Каражанова, “Биринчи радио” 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз