Экология

2017-жылдан баштап катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн image Фото: http://cdn14.img22.ria.ru

15 Апр, 2016 1813

14-апрелде Японияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Зилзала өлкөнүн түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында болуп, күчү 7 баллга жеткен. Кырсыктан тогуз адам каза болуп, 1000ден ашуун адам жабыркаганы айтылууда. Жума башынан бери Кыргызстанда да майда жер титирөөлөр катталууда. 

Табигый кырсык кечки саат 16:11де болгон.Күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн тогуз адам каза болуп, 1000ден ашуун жаран жабыркаганы айтылууда. Жер титирөөдөн кийин дагы 55 майда силкинүүлөр болгон. Учурда кырсыктан жабыркагандар ооруканага жаткырылды. Жер титирөө алдында 20 секунд мурун чөнтөк телефондорго билирүү келип түшкөн. Кырсыкка күбөлөрдүн бири мындай дейт.  

"Кечинде баарыбыз үйдө олтурган элек. Бир маалда баардык  тараптан жердин силкинүүсү башталды. Катуу сикинүүдөн ордумдан тура албай койдум".

Жапония буга чейин башынан өткөргөн катуу зилзалалардан кийин, имараттарды, үйлөрдү чайпалууга туруштук бере тургандай кылып курушкан. Бирок бул жолу жердин кайталанып титирөөсүнөн бир нече имараттар урап түшүп, миңдеген үй-бүлө жарыксыз жана суусуз калганы айтылууда. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ кырсыктан жабыркагандарга жардам берилип жатканын билдирди.

"Кырсыкта урандылардын алдында  калгандарды куткаруу иштери жүргүзүлүп, жабыркагандарга жардам берилип жатат. Кайра-кайра жердин силкинүүсү жоготууларды көбөйттү".  

Эске салсак, 2011-жылы Япониянын түндүк-чыгыш жээгинде 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен пайда болгон Цунами "Фукусима-1" атомдук станциясынын жарылуусуна алып келген. Бул трагедиялуу кырсыктан 15 миң адам көз жумуп,  2,5 миң адам белгисиз жоголгон.  Тышкы иштер министринин басма-сөз катчысы Нурлан Сүйөркуловдун билдирүүсүндө кырсык катталган Кумамото префектурасында Кыргызстандыктар жашайт. Бирок, жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. 

Жума башынан бери өлкөнүн түштүк аймагында майда жер титирөөлөр катталып жатат. 15-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна жакын аймакта 2,5 баллды түзгөн жер титирөө катталса, 12-апрель күнү күчү 3 баллга жеткен жер титирөө Өзгөн районунун аймагында болгон. Силкинүүдөн жабыркагандар катталган жок. Сейсмология инситутунун директору Канат Абдрахмановдун айтымында, майда силкинүүлөр боло берет, ага тынчсыздануунун кажети жок. Бирок өлкө аймагындагы сейсмикалык активдүүлүк 2017-жылдан 2026-жылдарга чейин күчөп, катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 1911- жылдын 4-январында Чоң-Кемин өрөөнүндө күчү 10-11-баллга жеткен катуу жер титирөө катталып,  зилзала 452 адамдын өмүрүн алып кеткен. Кырсыктан 740тан ашуун адам жабыркап, миңден ашуун турак жай жабыркаган. Адистер мындай ири кырсык 5 миң жылда бир кайталанып  турат дешет.

С. Идирисов, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз