Дүйнө жаңылыктары

Венесуэла үчүн АКШ III дүйнөлүк согуш ачууга даярбы? image Фото: www

19 Фев, 2019 182

Венесуэладагы башаламандыктан улам Америка Кошмо Штаттары акылдан адаштырган билдирүү тарата баштады. Керек болсо, аналитиктердин бири Россияга каршы “Кариб кризисин” экинчи жолу уюштурууну сунуштап, “бул жолу ким биринчи көзүн ирмеп жиберерин көрө жатарбыз” -деген оюн айтты. Акылга сыйбаган билдирүүнүн дүйнө коомчулугу үчүн кандай мааниси бар? – деген суроо салып, Рамблер сайты бул тууралуу талдоо макаласын жарыялады.

Макалада Венесуэлага деңиз блокадасын сунуштаган америкалык эксперт Дональд Ласкиндин сөзү мисал келтирилет анда: “Эгерде биз чечкиндүү кадам жасоого даяр болсок, Россия менен тирешүүнүн бир гана жолу бар. Ал эл аралык суу жолуна бөгөт  коюу. Биз 1962-жылдагы Кариб кризисин дагы кайталоону ойлонуп көрүшүбүз керек. Бул банк  эсебине айып салуу менен гана чектелүү эмес,  чыныгы суунун жолун тороа салуу тууралуу. Кемелерди Венесуэланын жээгине токтотуп, “Тиги тарапка да бул тарапка да эч нерсе өтпөйт” деген талапты коюшубуз керек. Ошондо ким биринчи көз ирмеп жиберерин көрө жатабыз” -деген ал.

Асел Шамилова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз