Экономика

EАЭБ: Бирдиктүү валюта чыгарылышы мүмкүн image Фото: informburo.com

15 Апр, 2016 1159

Евразия экономикалык биримдиги 2025-жылга чейин каржы базарын жөнгө салууда мыйзамдарды шайкеш келтирүү пландалып жатат.  Орусия   президенти  Владимир Путин бейшемби күнкү түз эфир  учурунда  бирдиктүү валюта киргизүү менен каржы-экономикалык кризистерге биргеликте каршы турууга жеңил болоорун белгилеп,   бирок,  бул маселе уюмга кирген өлкөлөрдүн макулдугу  менен  гана  чечилээрин  билдирди.  

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү валюта киргизүү зарылдыгын Орусия президенти  Владимир Путин буга чейин  да бир нече  ирет  көтөргөн. Муну ал аймактардагы финансы-экономикалык кризистерге   биргелешип каршы турууга жана ички базарды коргоого жеңилдик болушу менен байланыштырган. Ал  эми  бейшемби  күнкү түз эфирде Путин уюмдагы өлкөлөрдүн экономикалары теңелгенде гана өз акча бирдигин  киргизүү керектигин белгиледи.

"Бул маселе абдан кызыгууну жаратат. Мүмкүн, кайсы бир күнү киргизилеттир. Бирок Евробиримдиктин каталарын кайталабашыбыз керек. Алар евро валютаны киргизип алганы менен өлкөлөрдүн деңгээли катуу айырмаланып турган. Мисалы, Грецияны  алалы.  Жалпы казынадан жардам берип турушат. Бирок бул экономиканын өсүшүнө алып келбейт. Бирдиктүү валюта ЕАЭБге кирген баардык өлкөлөрдүн макулдугу менен гана киргизилиши керек".

Бирдиктүү валюта киргизүү маселеси боюнча Орусия жана Беларусия 2002-жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келатканы маалым. Бирок эмиссиялык борбор боюнча тараптар бир пикирге ошол мезгилден бери келе элек. Казакстандын президенти

 Нурсултан Назарбаев  болсо,   бул   маселе жакынкы арада талкуулоого жатпай турганын айтканы бар. Ал эми талдоочулар EАЭБ алкагында каржы базарын жөнгө салууда мыйзамдарды шайкеш келтирүү керектигин  белгилешет. Экономист  Эркин Абдразаков бирдиктүү валютага өтүүнүн  келечеги чоң деп эсептейт.

 Бирдиктүү валюта системасына өтүү интеграциянын кийинки этабы. Анткени   Орусия, Казакстан, Кыргызстандын финансылык системасында өзгөчөлүктөр бар,  экономикалык  өнүгүү  ыргагы  да  ар  башка  дейт  экономика  министрлигинин макроэкономикалык  саясат  башкармалыгынын  башчысы  Насирдин  Шамшиев.  Мындан  улам, 2025-жылга  чейин бирдиктүү валютага  өтүү маселеси   каралбаганын  кошумчалайт.

Бирдиктүү валютанын артыкчылыгы менен бирге кемчилиги да бар. Биримдикке мүчө мамлекеттер өз валютасынан баш тартуусу да олуттуу  суроо  жаратышы  мүмкүн. Мындан улам бирдиктүү акча системасы тууралуу кеп козгоо   азырынча эртелик кылат деген пикирин экономист Искендер Шаршеев айтат.

Эске салсак, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн арасында бирдиктүү валюта маселесине келгенде ар тараптуу пикирлер бар.  Бирдиктүү валюта адегенде Орусия, Беларус жана Казакстанда ишке кирип, андан кийин Армения жана Кыргызстанга киргизилери күтүлүүдө.

М. Базлакунова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз