Кылмыш

Аксыдагы чек арадан баңги зат алып келе жаткан документтери жок адам кармалды image Фото: www

23 Фев, 2019 1134

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Атана айылында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган адам Мамлекеттик чек ара кызматынын чек арачылары тарабынан кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүнү пландаган.

Кармалган адамдын жанында өздүгүн тактоочу документтер болгон эмес. Ошондой эле аны текшерүү учурунда 10 грамм салмактагы баңги зат (болжолдуу гашиш) табылган. Тиешелүү документтер топтолгондон кийин кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ага тиешелүү чара көрүлөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз