Кырсык

Бишкекте өзбекстандык эки аялды унаа сүзүп кетти image Фото: www

23 Фев, 2019 2373

Бишкек шаарындагы Тынчтык проспектиси менен Славянск көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан өзбекстандык 2 аял жабыркады. 

Маалыматка караганда, «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа эки аялды сүзүп кеткен. Жабыркаган аялдардын бири 35 жашта болсо, бири 56 жашта. Алар ооруканага жаткырылды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жол кырсык болгонун тастыктады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз