Элдик репортер

Казарманда 20 жылдыктар мектептин кыргыз тил классын оңдоп беришти image

28 Май, 2019 1823

Жалал-Абад облусунун Тогуз-торо районунун Казарман шаарчасындагы Асан Абдраимов атындагы орто мектепте 1999-жылы бүтүргөн, 1982-жылкы бүтүрүүчүлөр, 20 жылдык жолгушуу кечесинде мектепке жөн гана баалуу белек көтөрүп келбестен, кыргыз тил классын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти. Мындай иш-чара бул мектепте биринчи болуп жаткандыктан, мектептин жалпы жааматы, окуучулар жана ата-энелер үчүн кубанычтуу кабар болду. Бул демилгени көтөргөн 20 жылдыктын уюштуруучусу, демөөрчүсү Мелис Эстебесов дал ушул мектепти алтын медаль менен бүтүргөн. 

Ушул мектептен Чыңгыз Айтматовдой дүйнөгө белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмерлер чыксын" деген жакшы ниетте кыргыз тил классын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, Чыңгыз Айтматов атындагы классты жасап, ачкычын мектептин директоруна тапшырып бердик. 20 жылдан кийин өзүбүз учуп кеткен алтын уябызга келип, мектепке кичинекей болсо да салым кошконго аракет кылдык. Мындай иштер муну менен токтоп калбайт. Кийинки жылы да жакшы пландарды коюп, мектепке жардам беребиз деген ниетибиз бар. -деп кубанычтуу кабарын "Элдик репортерго" жиберген Мелис Эстебесов.




Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз