Коом

Жогорку Кеңештин комитети Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды image Фото: www

28 Май, 2019 642

  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети  Дастан  Догоевдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш  мамлекеттик  комитетинин  жетекчилигине талапкерлигин жактырды.   Жыйын жүрушундө депутаттар  Догоевдин кесипкөйлүгү , билимине байланыштуу  суроолорду беришти.  

Тармактык комитет   ошондой эле  Эрмек  Ибраимовду  Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилик кызматына  талапкерлигин  колдоду.  Буга чейин Ибраимов Чехия, Словакия, Польша жана Венгриядагы  элчиси болгон.  Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бош турган министрлик орундар менен башка кызматтарга талапкерлерди карап  жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз