Саясат

Жогорку Кеӊеште жаӊы депутат Айнура Аскарова ант берди image Фото: facebook.com

29 Май, 2019 386

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Айнура Аскарова ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. 

Ал жакында Улуттук Энергохолдинг компаниянын башчылыгына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Айтмамат Назаровдун ордуна келди. 

Айнура Аскарова буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгын жетектеп келген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз