World news

Зеленский Cаакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди image Фото: www

29 Май, 2019 262

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары  жазып чыгышты. 

Буга чейин Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили президентке жарандыгын кайтарып берүү боюнча кат жазган. Мындан улам президент жарандыгын кайтаруу боюнча буйрукка кол койгон. Ал эми экс-президент Саакашвили Зеленскийге ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазган.

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз