Policy

Президент төрт мамлекеттик кызматка жаңы талапкерлерди дайындады image Фото: Султан Досалиев

30 Май, 2019 381

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын башка  Жарлыктарынын  негизинде  Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри,   Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалышты.

Президенттин дагы бир  Жарлыгы менен  Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз