Илим жана билим

Бүгүн тарыхый жайларды коргоо күнү image Фото: time.kg

18 Апр, 2016 5076

Бүгүн, 18-апрель тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын эл аралык күнү.  Бул күндү белгилөө чечими, 1983-жылы эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча Эларалык Кеңеш Ассамблеясында кабыл алынган. Кыргызстанда да тарыхый эстеликтерге бай өлкө катары бул күнгө маани берип белгиленип келет. 

Бирок тарыхчы-окумуштуулар соңку кездерде маданий мурастарга аяр мамиле жасалбай, тарыхый эстеликтерди “кара археологдор” талап-тоноп, чет мамлекеттерге сатып жатат деп сынга алууда.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык “Тарых жана маданият” жылында Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдөө жана жайылтуу менен азыркы улуттук маданиятты андан ары өнүктүрүү үчүн руханий мурасты жана материалдык маданияттын эстеликтерин сактоо, коргоо жана кеңири жайылтуу иштери аткарылсын деген тапшырма коюлган. Ошондой эле, жарлыкта өлкөнүн тарыхый-маданий мурастын объекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, улуттук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтерди реставрациялоо милдеттери Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлгөн. Аталган министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Чыңгызбек Жолдошев жарлыкка ылайык түзүлгөн жылдык план менен иштер аткарылып жатат деп билдирди.

Кыргызстан аркылуу байыртадан батыш менен чыгышты байланыштырган Улуу Жибек жолу өтүп, өз кезегинде соодагерлер токтогон жерлерге шаарлар пайда болгон. Өз мезгилинде гүлдөп өнүккөн байыркы шаарлардын айрым имараттары, урандылары гана сакталбаса, негизинен көбү ар кандай согуштук аракеттерден улам урап, талкаланып калган. Андан калганын соңку кездерде тарыхый эстеликтерди таланып-тоноого алган “кара археологдор” же азыркынын көркоолору казып, табылгаларды чет мамлекеттерге кымбат баада сатып жатат деп сынга алды, тарыхчы- археолог Кубат Табалдиев. 

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги табылга издеп жер казган “кара археологдор”  менен күрөшүү иштерин жүргүзүп жатканын айтууда. Алар көбүнчө эл жашабаган жайларды жашыруун казып, тымызын иш алып барып келет. Метал издөөчү аспапты колдонууга жана өз алдынча илимий-археологиялык иштерди жүргүзүүгө тыйуу салынган мыйзам да кабыл алынган деп билдирди Чыңгызбек Жолдошев.

Кыргызстанда мамлекеттин коргоосуна алынган 2500 дөн ашуун тарыхый жана маданий эстеликтер бар. Өлкө аймагында пайгамбарлардын ысымдары менен байланышкан 7 тарыхый эстелик жайдын болушу да көптөгөн чет өлкөлүк туристтердин, саякатчылардын  жана окумуштуулардын кызыгуусун жаратып келет.

Ал эми ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандан 2009-жылы Ош шаарындагы Сулайман тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси, 2014-жылы Чүй өрөөнүндөгү орто кылымга таандык Невакет шаар чалдыбары, Суяб жана Бурана шаарчаларынын калдыктары тизмеге кирген. Бул маданий-тарыхый мурастар ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден кийин эл аралык эксперттер жыл сайын мониторинг жүргүзүп турат. Андыктан быйыл да оңдоо иштери жүргүзүлүп, туристерди тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат деп билдирди Сулайман тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин директору Абдраим Тургунбаев.

Жыйынтыктап айтканда, быйыл Тарых жана Маданият жылында гана эмес, бардык учурда өлкө тарыхына өтө астейдил мамиле жасап, аны көздүн карегиндей сактоо мамилесин калыптандыруу зарыл дейт окумуштуулар. Ар ким  өз көмөчүнө күл тартпай, жалпы элдин байлыгы болгон тарыхый, маданий баалуулуктарды сактай билсек келечек муунду мекенчил кылып тарбиялоого жол ачабыз.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз