Экология

Ала-Бука-Канышкыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө image Фото: http://alp.org.ua

18 Апр, 2016 1458

18-апрелден 22-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы бийик ашуулу  унаа жолдордо  кар көчкү  түшүү  коркунучу сакталууда. 

Муну билип алыңыз:

Бишкек-Ош авто жолунун  121-137 чакырымы,Төө-Ашуу ашууда;

Аталган жолдун 198-250-265 чакырымдары, Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында;

Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек жолунун  75-83 чакырымы,  Чоң-Ашуу ашуусунда;

 Жалал-Абад облусундагы  Ала-Бука-Канышкыя унаа жолунун  70-80 чакырымы Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ал эми  Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 15-апрелден  баштап Чүй проспектиси Чолпон-Ата көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин  оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылы үчүн жабылат.

Азыркы учурда Ауэзов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жабылды.

Аталган жерде тротуар жана арыктарды орнотуу менен жол оңдолот жана капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды жол тыгынына кабылбашы үчүн ыңгайлуу жол тандоону суранат.

 Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз