Экология

22-апрелге чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт image Фото: telegraf.com

18 Апр, 2016 1553

18-апрелден 22-апрелге чейин өлкө аймагында  туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Кыргыз гидрометерология  агенттиги бул күндөрү  республиканын өрөөндүү аймактарында   нөшөрлөгөн жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жаткандыгын кабарлашып, шашылыш эскертүүлөрдү  билдиришти. Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин адистери  мындай абал  айрыкча республиканын  түштүгүндөгү   дарыяларда суунун деңгээлин   жогорулатып, сел каптоо, суу ташкындарынын  жүрүүсүн пайда кыларын  айтышат. Бүгүнкү  күндө эң  чоң коркунуч  Сузак, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Алай райодорунда  болуп, бул  жактарда   жер көчкүсү активдешкендиги  байкалды  дешет.  Кооптуу  жерлерде жашаган жарандар  өздөрүнүн  жана жакындарынын  өмүрүн тобокелге салбай, бул аймактан  тезирээк көчүп  кетишин  өтүнүшүүдө. 

Синоптиктер апрель  айынын  үчүнчү  он күндүгү  жамгырлуу  болорун  эскертишти. Маалыматтарга караганда, жаандын көлөмү  нормадан ашып, аймактардагы өзөн суулары менен дарыяларда суунун деңгээлин жогорулатуу  менен  бир катар табигый кырсыктарды  жаратышы мүмкүн.  

Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигине караштуу  кыргыз гидрометерология  агенттигинин  директору  Зарылбек  Итибаев,  бул  күндөрү  абанын  температурасынын  10 градуска  чейин төмөндөшү  үшүк жүргүзбөйт, бирок   тоолуу  райондордогу   бийик ашуулуу жолдордо  кач көчкү түшүү коркунучу  сакталып тургандыгын   кошумчалады. Алдыда күтүлгөн  туруксуз  аба  ырайы  өлкөнүн  түштүк  регионундагы бир катар райондордо  жер көчкү  түшүү  коркунучун пайда кылууда. Буга  жакында эле Жалал-Абад облусунда эки жолу түшкөн   жердин  көчүп түшүүсүн   мисалдаткан  министрликтин өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаментинин директору Анаркул Айталиев,  дубандагы кооптуу аймактарда жайгашкан райондордун атын атады. Айталиев кырсык айттырып  келбейт, жер көчү түшө турган жерде жашаган тургундар  өздөрүнүн жана жакындарынын  коопсуздугу үчүн тезинен  коопсуз  аймактарда  көчүп кетүү керектигин  өтүнүп  кетти.

Табигый кырсыктардын алдын алууда  жергиликтүү бийликтин орду чоң. Калкка түшүндүрүү иштеринен  сырткары, максаттуу  жардам берүүдө  өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор  аралык  мамилелер боюнча  мамлекеттик агенттиги  бир катар тиешелүү жумуштарды аткарып жатат. Агенттиктин статс-катчысы  Санжар  Икрамовдун айтуусунда, учурдун көйгөй болуп  кооптуу жерде жашаган  жарандардын  жаратылыш  кырсыктары тууралуу  маалыматтары, эскертмелери бар туруп  көчүп кетпей  жаткандыгында  эсептелүүдө. Мындай жашоочуларга  тил кат жаздырыруу менен  чектелип жатабыз.  Алтурсун  турак жайынын  айланасындагы  арыктарды  чаап койбогон  атуулдарыбыз дагы бар  дейт статс-катчы.

Министрликтин  кризистик  кырдаалдарда  башкаруу борборунан билдиришкендей, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 20 13- жана 15-апрелде  өзгөчө кырдаалдар  министрлиги  тарабынан телефонограммалар чыгарылып, т Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди, мындан сырткары уюлдук операторлор аркылуу калкка  СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү. Жаз келип, күн жылыганы менен   аба ырайындагы кескин  өзгөрүүлөргө байланыштуу  жарандар  жылуу кийинип,  ден соолугуна  кам көрүүлөрү  керектигин  дарыгерлер эскертип жатышкандыгы кошумчалай кетели.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз