Дин

Бүгүн орозонун акыркы күнү image

4 Июнь, 2019 602

Эртең, 5-июнда кыргызстандыктар Орозо айт майрамын белгилешет. Муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстанда бүгүн, 4-июнь орозонун акыркы күнү экенин билдирди. 

Ошондой эле 4-июнь — Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан, Кувейт, Египет, Иордания жана Сирияда Рамазан айынын акыркы күнү. 

Орозо айт намазы Бишкек шаарында Эски аянтта окулуп, 5-июнда таңкы саат 06:00дө башталат. 

Айт намаздын программасы:

06:00-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;

07:00-07:20 — муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:20-07:30 — өкмөттүн куттуктоосу;

07:30 — Айт намаз.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз