Экономика

ЖК: Өкмөттүн 2015-жылдагы отчету каралууда image Фото: gov.kg

18 Апр, 2016 1049

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өкмөттүн 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу отчетун карай баштады. Депутаттарды былтыркы жылдагы экономикалык өсүш, бажыдан түшкөн кирешенин көлөмү, Евразия экономикалык биримдигине кирүүнүн натыйжалары кызыктырды. Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитети отчетту кабыл алып, парламенттин жалпы жыйынында кароо чечимин чыгарды.

Комитет жыйынына өкмөттүн 2015-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берүү үчүн жаңы кызматка дайындалганына саналуу гана күндөр болгон Биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев аткаруу бийлигин баштап келди. Анын маалыматына таянсак былтыр айыл-чарбасынан, токой жана балык чарбаларынан өндүрүлгөн дүң продукция 197 миллиард сомдон ашкан. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 6, 2 пайызга жогору экенин билдирет. Комитет төрагасы Мирлан Бакиров өкмөт айыл-чарба тармагында алгылыктуу иш алып барганын белгилеп, бирок кемчиликтерди да эске алууга чакырды. Маселен малдарды идентификациялоодо иш ордунан жыла элек.

Былтыр жалпы өлкө боюнча 920 айыл-чарба техникалары лизингдик негизде берилген. 795 гидротехникалык курулма, 91 насостук станциялар оңдолгон. Талаачылык менен кайра иштетүүгө көңүл бурулбай калганын Айыл-чарба министрлиги моюндады. Депутаттардын айрымдары дыйкандарга насыя берүүдө алешемдиктер бар экенин, андай көрүнүштөр бүгүнкү күнгө чейин уланып келгенин белгилешет. 

Комитеттин жыйынында өкмөттүн айыл-чарбасындагы ишмердүүлүгү талкууланып гана чектелген жок. Депутаттар бажы төлөмдөрүнөн топтолгон кирешеге да көңүл бурушту. Бул жаатта Кыргызстан ЕАЭБдин босогосун аттагандан берки өзгөрүүлөр кандай? Каржы министри Адылбек Касымалиев күтүлгөн киреше 5 миллиард сомго аз болгонун билдирет. Буга дүйнөлүк саясий кырдаал, негизги өнөктөш өлкөнүн батыш мамлекеттери менен мамилесинин начарлашына байланыштуу.

Каржы министри бул тенденция быйыл да уланышы мүмкүн экенин жашырбайт. Жыйын соңунда тармактык комитет өкмөттүн отчетун кабыл алып, аны Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо чечимин чыгарды.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"    

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз