Саясат

Камакка алынган депутаттарга айлык берүүнү токтотуу сунушталууда image

18 Апр, 2016 1217

Жогорку Кеңеште камакка алынган депутаттарга айлык берүүнү токтотуу сунушталууда. Мындай демилгени көтөргөн депутат Аида Салянова, “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы тууралуу” мыйзамга өзгөтүүлөрдү киргизип иштеп чыккан. Ага ылайык, депутат кылмышка шектелип камакка алынган же кармалган күндөн тартып, ага маяна берилбей калат. Эгер камака алынган эл өкүлү толук акталып чыгы турган болсо,  төлөнбөй калган айлыктын орду толтурулмакчы. Эске салсак, кыргыз мыйзамдары боюнча кылмышка шектелип, же айыпталган депутат маянасын кадимкидей эле ала берет. 

Кыргызстанда коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз иштерге аралашып  камакка алынган депутттардын катары калың. Алардын арасында депутаттык этикага жатпаган өнөрлөрү  менен камакка алынгандары дагы жок эмес. Кыскасы азыркы күндө депутатка кылмыш иши козголуптур –деген маалымат өөн деле учурабай  калган. Мурда эл өкүлүнө кылмыш иши козголот –деп эч ким ойлогон эмеспи, кыскасы өлкө мыйзамдарына ылайык, депутат кылмыш иши козголуп, ишке чыкпай калган күндө деле айлыгын кадимкидей ала берет. Эми бул маселеге чекит коюлганы калдыбы, айтор эл өкүлү Аида Салянова камакка алынган депутаттарга айлык берүүнү токтотууну сунуштоодо. Жергиликтүү серепчилер маселе өз убагында көтөрүлгөнү менен ал дыкат иштелип чыгышы керектигин эске салышат.Талдоочу Шерадил Бактыгуловдун баамында,бул жерде айлык акысын бербей токтото турууну мыйзамга норма катары киргизип койсо болот.  

Маселеге буга чейин сын көз менен карап, жылдап иликтөө иштерине байланыштуу депутаттык отурумга келбей,  чоң суммадагы айлык алгандарга депутаттар дагы нааразы болушкан. Алардын бири  эл өкүлү регламент жана этика комитетинин башчысы Айнуру Алтыбаева, маселени колдоорун, бирок эң башкысы мыйзамга өзгөртүүлөр дыкат юридикалык анализдерден соң киргизилиши зарылдыгын айтат.

Айнуру Алтыбаева бул маселе жеке эле депуттарга эмес, бардык мамлекеттик кызматтагыларга тиешелүү болсо жакшы болмок –деген оюн кошумчалады. Бирок мындай пикирге эксперт Игорь Шестаков макул эмес. Анткени азыркы замандын депутаттарынын басымдуу бөлүгү  бизнес чөйрөсүнөн  экенин талдоочу эске салат. Талдоочу Игорь Шестаков белгилегендей эле камакка алынган депутаттарга айлык акы бербөөнү коомчулук колдоого алууда. 

Ошентип Кыргызстанда депутаттар кылмыш иши козголуп, же кандайдыр бир себептерден улам жумушка чыкпаган күндө деле кадимкидей айлык акы ала беришет. Маселен Нариман Түлеевге эки жыл 7 ай аралыгында бир жарым миллион сомдон ашуун акча которлуган. Ал эми 1 жыл эки ай аралыгында Акматбек Келдибеков 1 миллион сомдон ашуун каражат тапкан. Булардын катарында Урмат Аманбаева менен Нурлан Сулайманов жана башкалар дагы бар. Ал эми эл өкүлү Аида Салянованын  камакка алынган депутаттарга айлык берүүнү токтотууну демилгеси кесиптештери тарабынан  кандай колдоого алынаары тууралуу айтуу эртелик кылат. Эске салсак бир жылда парламентке республикалык бюджеттен  700-800 миллион сомго чейин каражат бөлүнөт.

М.Абдраманова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тектеш материалдар