Коргонуу жана коопсуздук

Саммит учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт image Фото: МВД КР

11 Июнь, 2019 317

Шанхай  кызматташтык  уюмуна  мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитине карата  ички иштер  министрлигинин жол кыймылынын  коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады.  Бул тууралуу  “Биринчи радиого”  аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, саммит  учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун  делегациялар өтө турган кээ бир жолдоруна убактылуу чектөөлөр киргизилет. Туура  эмес жерлерге токтотулган жана кароосуз калган  автомашиналар  эвакуацияланат.  Саммитке  карата  ошондой эле  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  өздүк  курамы  10-июндан тарта  күчөтүлгөн  режимде иштей баштады. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз