Экономика

«Мансон Групп»: «Макмал» алтын кенин иштетүүгө ири суммадагы акча которду image

11 Июнь, 2019 468

"Мансон Групп" ЖЧКсынын уюштуруучусу "Макмал Голд Компании" ЖЧК долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 млн. доллар өлчөмүндө биринчи траншын которду. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, президенттин 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгынын жана өкмөттүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" планынын алкагында 2019-жылдын 27-мартында "Кыргызалтын" ААКсы менен сынактын жеңүүчүсү "Мансон Групп" ЖЧКсы "Макмалалтын Комбинаты" филиалынын базасында биргелешкен коом түзүү максатында Макулдашууга кол койгон.

Бүгүнкү күнү "Кыргызалтын" ААКсынын "Макмалалтын Комбинаты" филиалындагы активдерин биргелешкен коомдун уставдык капиталына өткөрүү жараяны жүрүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз