Саясат

Си Цзиньпин “Манас” ордени менен сыйланды image Фото: Султан Досалиев

13 Июнь, 2019 321

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” ордени тапшырылды. Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков ал үчүн КЭР Төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгилеп, «Манас» ордени жашоо символдорун – ачык асманды, күндү жана сууну билдирет, кыргыздарды бириктирген биздин улуу баатырыбыздын атын алып жүрөт. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө зор салым коштуңуз. Кыргызстанды ар дайым колдоп келатканыңыз үчүн Сизге чоң рахмат», - деп баса белгиледи.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз