Коом

Шашылыш билдирүү: 15-16-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөт image Фото: www

13 Июнь, 2019 968

15-16-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз