Спорт

Кыргызстандын командасы Россиядагы көк бөрү боюнча эл аралык турнирден жеңди image Фото: www

13 Июнь, 2019 654

Көк бөрү боюнча кыргызстандык команда Россиядагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды. Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналган көк бөрү боюнча эл аралык турнир  12-июнда Сергиев Посад шаарында өттү. Анда  Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн командалары күч сынашты.  Кыргызстандан «Атуул» командасы  жарым финалда Москва командасын утуп алды.  Финалдык  таймашта   Тажикстан командасын 6:1 эсеби менен жеңди.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз