Илим жана билим

Европадан КУУнун кыргыз-европа факультетине ар тараптуу көмөктөр көрсөтүлүп келет image

19 Апр, 2016 1092

Бүгүн Кыргыз Улуттук Университетинде “Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги ортосундагы мамилелер” деген темада окуу жайдын окутуучулар жана студенттерине Европа Биримдигинин атайын өкүлү Питер Бурьян баяндама жасады. Биримдик тарабынан Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз-европа факультетине ар тараптуу көмөктөр көрсөтүлүп келет. Мындай жөрөлгөнү  мындар ары улантуу зарылдыгы бүгүнкү жолугушуу учурунда  талкууга алынды.

Кыргыз-Европа факультетинин студенти Эрназар Көчкөнбаевдин айтымында факултететте окуу Европа системасында өтөт. Мындай ыкма жемкорлукка жол бербей турганын ачыктады. Анткени, экзамен, модуль тапшыруу компьютер аркылуу башкача ыкмада ишке ашарына токтолду.

Европа биримдиги буга чейцин иштетип келген тармактар менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар, – деди биримдиктин атайын өкүлү Питер Бурьян. Питер мырза окуу жайдагы окутууга дагы жаңы программаны сунуштады.                                       “Биз менен кызматташкан мамлекеттер арасында Кыргызстан Борбордук Азиядагы негизги өлкө экенин белгилеп кетким келет. Ошондуктан биз мындан ары дагы жаңы баскычтагы кызматташуунун тамырын тереңдетүү аракетин көрүп жатабыз”, -  деди Европа биримдигинин атайын өкүлү Питер Бурьян.

                                                                                                  “Европа бириммдиги тарабынан биздин факультетке көп жардамдар берилди”- дейт Кыргыз-Европа факультетинин деканынын орун басары Ызатбек Береналиев. Өзгөчө компьютердик класстарды ачып бергенин белгиледи.                                               Кыргыз Улуттук университетинде Европа биримдиги тарабынан бир катар долбоорлор алкагында иштер жүзөгө ашырылып келгенин окуу жайдын ректору Чынара Адамкулов маалымдады. Акыркы кезде аны каржылоо токтоп калгандыктан ошол ишти жандандыруу маселеси караларын кошумчалады.

Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы карым катнаш, кызматташтык дагы кеңейе турганы туурасында жыйындын жүрүшүндө кеңири сөз  болду. Ошондой эле билим берүү жаатындагы дагы алдыда бир катар долбоорлордун ишке ашарын адистер белгилешти.         

К.Калилов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз