Кылмыш

3 айдын ичинде баңгизатка байланышкан 526 кылмыштын бети ачылды image Фото: http://cdn.tvc.ru

19 Апр, 2016 1126

2016- жылдын алгачкы үч айында Кыргызстандын укук коргоо органдары  баңгизатка байланышкан 526 кылмыштын бетин ачкан. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 498 кг баңги зат алынган.  Ошондой эле эл аралык кызматташуунун алкагында Казакстандын баңгизатка каршы күрөшүү депортаменти менен биргеликте, атайын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү камакка алынды.  Бул туурасында кыргыз өкмөтүнө караштуу баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиев билдирди.

Жыл башынан бери аталган мекеме кызмат тарабынан баңги заттарды өндүрүү жана таркашына жол бербөө максатында алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Жаштардын сергек жашоого үндөгөн иш- чаралар Ысык- Көл, Ош областарында өткөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз