Экология

Алай районунда сел жүрдү image Фото: cursorinfo.co

19 Апр, 2016 1042

Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн таңга жуук райондун  Будалык айыл аймагындагы Октябрь жана Кайнама айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел пайда болуп, Гүлчө-Будалык унаа жолунун12-13-чакырымдарында сел жана суу өтүү үчүн темир трубалардан коюлган көпүрөнү талакалап, каттам токтогон.  Учурда аталган  унаа жолдун  85-чакырымында жол убактылуу жабылды. Октябрь айылында 17 үйдү суу каптап,  5 турак үйдүн сарайына кирген. Мындан сырткары айылдагы ички чарбалык жолдорду дагы катуу жабыркатты. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз