Коом

БУУ: Кыргызстан калкынын саны 10 миллионго жетиши мүмкүн image

19 Июнь, 2019 536

2050-жылга карата Кыргызстан калкынын саны 10 миллионго жетиши толук ыктымал. Муну Бириккен Улуттар уюму эсептеп чыкты. Бул убакытта жалпы планета жашоочуларынын саны эки миллиардка өсүп, дээрлик 8 миллиард кишини түзүп калат, - деп айтылат маалыматта. 

Кийинки отуз жыл ичинде калктын саны Индия, Нигерия, Пакистан, Конго, Эфиопия, Танзания, Индонезия, Египет жана АКШ өлкөлөрүнүн эсебинен көбөйөт. 2027-жылы Индия Кытайдан озуп, тургундарынын саны боюнча дүйнө лидери болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, 2050-жылы тропикалык Африка элинин саны эки эсе көбөйүшү күтүлүүдө. 

Жашоонун узарышы жана бала төрөлүү деңгээлинин төмөндөшү дагы бир көйгөй экени айтылган. Бул көбүнчө Европа жана Түндүк Америкага тийиштүү. Белгилей кетсек, 2018-жылы 65 жана андан улуу курактагы адамдар биринчи жолу беш жашка чейинки балдардын санынан ашып кеткен.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз