ММК

Сөз эркиндигине чоң салым кошкон журналистер сыйланды image Фото: KTRK/videograp

22 Июнь, 2019 348

 

 Сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн массалык маалымат каражаттарынын бир катар өкүлдөрү сыйланды. Кыргызстандын журналисттер союзунун “Мыкты журналист” медалына 24 адам ээ болду. Алардын катарында Тилектеш Ишемкулов, Тамара Слащёва, Жылдыз Бакашова, Курманбек Рыспаев баштаган ардагерлер, жетекчилер бар. 

Сыйлык КТРКнын башкы директорунун орун басары Жылдыз Уракуновага да ыйгарылды. Ал эми 15 жаш журналистке ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилди. 

Комиссия тандап алууда калемгерлердин жарандык позициясына, коомдук-саясий жана экономикалык актуалдуу маселелерди чагылдырган материалдарга көңүл бурган. Маркум журналист Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлык анын жакындарына берилди. Аземден кийин “Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик” аталышындагы конференция уюштурулуп, журналистикада болуп жаткан көйгөйлөр талкууланды.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз