Policy

ЖК: депутаттар төраганы шайлап жатышат image Фото: kenesh.kg

20 Апр, 2016 297

Жогорку Кеңеште депутаттар төраганы шайлап жатышат. Добуш берүү регламентке ылайык жашыруун жүргүзүлүүдө. Бюлетенде талапкерлер Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин ысымдары камтылган. Ошондой эле эл өкүлдөрү баарына каршы добуш берүүгө да укуктуу. Эсептөө комиссиясынын төрагалыгына тандалган депутат Мирлан Жээнчороев шайлоо башталаардын алдында добуш берүүнүн тартиптерин эске салды. Эки талапкер тең белгиленген 60 эл өкүлүнүн колдоосуна ээ боло албаса, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жакынкы мүнөттөрдө белгилүү болот. Төраганы шайлоо башталганга чейин талапкерлер депутаттардын ар кыл суроолоруна жооп беришти.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз