Борбордук Азияга террордук топтор коркунуч жаратууда image Фото: Internet

20 Апр, 2016 1274

Афганистандын түндүгүндө  террордук топтордун  активдеши  Борбор Азия  чөлкөмүнө   жайылып кетүү  мүмкүнчүлүгүн жаратууда.  Мындай кырдаал Орусияны  кооптондурбай  койбойт,-деп билдирди  Россия Федерациясынын  тышкы иштер министрлигинин  II Азия департаментинин Афганистан боюнча  бөлүмүнүн башчысы  Альберт Хорев.  Анын айтуусунда, быйылкы жыл афган калкы үчүн  өзгөчө маанилүү жыл. Анткени  Кабул мындан аркы өнүгүү жолун тандоо алдында турат. Хорев,  Афганистанда террордук уюмдар  көптөн бери жайгашып, согуштук, баскынчылык аракеттерин жүзөгө ашырып келет. Өнүгүү  жолун  тандап, реформаларды  ишке ашыруу алдында турган өлкөдө  радикалдык күчтөрдүн активдеши бир эле  бул аймакта эмес, коңшу Фергана чөлкөмүнө  жайылып кетүү  коркунучунда турат  деп баса белгилейт. Ата мекендик  серепчилер Хоревдин  билдирүүсү  бир катар жылдардан бери  көптөгөн  талдоочулардын болжолу менен үндөш  жана чындыгында бүгүнкү  күндө  терроризм Борбор Азия мамлекеттерине чоң коркунуч жаратып жаткандыгын  айтышты.

 

 "Талибан"  террорчулардын  чабуулунан  Кабулдун 28 жараны каза тапты. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыкты. Жардыруу Афганистандын борбор  шаарында  болуп, республиканын   тышкы иштер министри  тышкы иштер министри ал жардырууну жанкечти жасаганын билдирген. Жергиликтүү маалымат кызматынын кабарлашынча террористтер аткылоо уюштурган. Чабуул жасагандардын бири жок кылынганы айтылууда. Афганистанда  жанкечтинин өзүн өзу жардыруусу бир нечелеген  карапайым калктын өлүмүн  шарттаган  окуя  биринчи жолу болуп олтурганы жок. Мындай көрүнүштөр бат-баттан кайталанып, мындай кырдаал  айрыкча коңшу  мамлекеттерди  тынчсыздандырып келет. Анткени, талдоочулардын баамында, Ирак жана Леванта мамлекетинин халифат түзүү идеясы Африкадан  Кытайга чейинки аймакты камтыйт.  Акыркы кездерде өздөрүн ислам мамлекети деп атаган уюм   алыскы  жана  жакынкы  чыгыш  өлкөлөрүндө өз  бийлигин  орнотууга  аракет көрүп жатышат. Мындан кийинки  планда   Борбор Азия мамлекеттери  турууда.

Ал эми талдоочу Артур Медетбековдун айтуусунда,  Кыргызстан үчүн   ислам динин жамынган  уюмдардын катарында   Орто Азия мамлекеттеринен чыккан жарандардын  бар экендиги  өзгөчө коркунуч жаратат. Алардын  катары   ислам  өлкөлөрүнө диний багытта билим алууга  кетишкен  жаштардын кошулуп кетиши менен калыңдап  барат. Баарынан дагы коркунучтуусу аларды бул жакта  колдой тургандардын бар экендигинде болууда.

Афганистандагы диний радикалдык кырдаалдын  Борбор Азия чөлкөмүнө  кооптуулугу  чоң экендигин көп жылдардан бери айтып келебиз. Деген менен алар менен күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери  негизги күчтөргө  көз жумуп келишерин  белгилеген улуттук коопсуздук  мамлекеттик кызматынын  жетекчисинин  бурдагы орун басары Марат Иманкулов, экстремисттик жана террористтик  маанайдагы күчтөргө каршы  турууда биргелешкен  аракеттер глобалдык деңгээлде  жүргүзүлүшү керектигине токтолду.

Белгилей кетсек, Ислам мамлекети деп өзүн атаган  терроисттик уюм  Афганистанда өз  таасирин өткөн жылы талибдер өздөрүнүн  башчыларынын бирин жоготкондон кийин  жайылта баштаган. Учурда Кабул бул эки экстремисстик уюм менен тең күрөшүп жатат. Ал арада  жакында эле Пакистан талибдердин лидерлерин  өз аймагында жашырып жатат деген маалыматтар жарыкка чыкканы маалым. Бул уюмдардын ишмердигине бүгүнкү  күндө  дүйнөнүн көптөгөн  мамлекеттеринде тыюу салынган.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз