Коом

УКМК: интернетте жалган маалыматтарды таркаткандар жоопко тартылат image

26 Июнь, 2019 652

КР УКМК айрым социалдык тармактарда УКМК Ош шаардык башкармалыгынан куралчан атайын кызматкерлери Бишкек шаарына келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдирет. 

Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөрү катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок. УКМК мындай маалыматты “фейк” жана мамлекеттеги коомдук-саясый абалды чыңоо максатында жүрүп жаткан аракеттер деп эсептейт. 

Буга байланыштуу УКМК тарабынан бул маалыматтарды жайылтууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле, эскерте кетсек жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жарандар КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз