Сөз эркиндиги: Дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен КР 85-орунду ээледи image Фото: Internet

21 Апр, 2016 3545

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 180 өлкөнүн  ичинен 85-орунду ээледи. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» аттуу эл аралык уюмдун рейтингинде көрсөтүлгөн. Мындан алты жыл мурда өлкө бул рейтингде 173 өлкөнүн ичинен 153чү орунду алган болчу. Ал эми изилдөөдө сөз экиндиги чектелген өлкө катары Кытай, Сирия, Түрмөнстан сыпатталат. Ал арада жергиликтүү медиа эксперттер бул эл аралык изилдөөлөр Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнөн кабар берерин айтышууда.

Кыргызстан негизи эле  бардык тармактар боюнча эл аралык уюмдардын сынында болуп келет. Бул ирет дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салган «Чек арасыз кабарчылар» аттуу эл аралык уюуму жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан 2016-жылы басма сөзү эркиндини боюнча 180 өлкөнүн ичинен 85-орунду камсыз кылып, былтыркыга салыштырмалуу кыйла тепкичке өйдөлөгөн.  Иликтөөдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда оң жагына өзгөрүүлөр байкалганы белгиленген. Серепчи, журналист  Кубан Абдымендин баамында, Кыргызстандагы демократия жана басма сөз эркиндигинин деңгээли жыл сайын жакшырууда жана маалымат каражаттарына чектөөлөр деле жок.Андыктан өлкөдө башкаларга салыштырмалуу сөз эркиндиги орногон.  

Чынында коңшу мамлекеттер менен салыштырмалуу Кыргызстанда  сыймыктана алган бир нерсе  бул сөз эркиндиги-дешет жергиликтүү серепчилер.Өзгөчө 2010-жылдан кийинки окуядан соң, бул жаатта абал жакшырганы айтылып келет. Негизи кыргыз эли башынан эркиндикти, өзгөчө сөз эркиндигин баалаган эл. Муну “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген лакап сөз дагы тастыктап турат. Бүгүнкү күндө эң башкы сынчы окурман, угармандар экенин айткан депутат Өмурбек Текебаев, алардын жаңы маданияттын өнүгүшүнө кошо турган салымы өзгөчө экенин баса белгилейт.

Чек арасыз кабарчылардын басма сөз боюнча рейтингине  бардыгы болуп  180 өлкө катышкан. Анда Биринчи үч орунду Финляндия, Норвегия жана Дания ээлеген. Ал эми акыркы орундарда Кытай,  Түндүк Корея, Түркмөнстан бар. Борбордук Азиядан Казакстан 160чы, Өзбекстан 166чы Тажикстан 150-орунду ээлейт. Баяндама  уюмдун  шериктештерине жана дүйнө бонча алардын 130 кабарчысына, ошондой эле журналисттерге, изилдөөчүлөргө, юристтерге жана адам укуктарын коргоо кыймылдарынын активисттерине жиберилген сурамжылоого негизделген. Ал арада Кыргызстан эл аралык рейтингдерде баса сөз эркиндиги боюнча жакшы көрсөткүчтөргө 90-дылдардан бери эле ээ болуп келерин эксперт Игорь Шестаков эске салсат.

Ал арада Кыргызстандын рейтингинин көтөрүлүшүн мамлекеттик органдар менен саясатчылардын иш-аракети мурдагыдан ачык болушу менен байланыштууу-дегендер дагы бар. Жергиликтүү серепчилер азыркы учурда Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы чуугалаңду усот иштери жок экендигин белгилешет. Жакшы натыйжаларга карабай, маалымат  каражаттарында атайын тапшырык боюнча жазылган материалдарга каршы күрөшүтү күчөтүү зарыл –дешет алар.

М. Абдраманова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз