Коргонуу жана коопсуздук

ЖККУ Афганистан менен чек арасын жабышы керек image Фото: Интернет

21 Апр, 2016 1652

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөр Афганистан менен чек арасын жабышы керек. Мындай билдирүүнү Россия Федерациясынын тышкы иштер министрлигинин Азиядагы департаментинин  директору  Замир Кабулов билдиргендигин маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул аракеттер коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

Эгерде Орусиянын  Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген  шериктештери  Афганистан менен чектеш аймактарын жаппаса , анда качкындардын агымы күчөй тургандыгын  Россия президентинин Афганистан боюнча өкүлү Замир Кабулов билдирди. Бул тууралуу   “Риа новости” жазып чыкты. Анын айтуусунда,   биринчи   кадам  РФнын улуттук коопсуздугун камсыздоого багытталган. Кийинкиси  -  Орусиянын улуттук кызыкчылыктарын  коргоо болуп эсептелет. Анткени, биринчи кезекте  Россиянын КМШ  жана ЖККУ боюнча  шериктештери Афганистан чек арасы аркылуу  террористердин соккусуна кабылуусу мүмкүн.  Эгер, алар бул соккудан жабыркаса , анда  Европа туш болуп жаткан жагдайга Россия да кабылышы толук ыктымал деп билдирген Кабулов.

Адистердин айтуусунда,  бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлдеги террористик уюмдар , экстремисттик топтор күч алып , алардын уюгу Жакынкы Чыгыштан Афганистанга оой баштады. Ал эми Афганистанда Өзбекстан ислам кыймылы, Түркстан ислам кыймылы сыяктуу террористтик уюмдар бар  экендиги айтылат. Алардын бардыгы ИГИЛге баш ийип , алар менен бирге  ар кандай террордук актыларды жасап жатышат деген билдирүүлөр бар. Мындан улам Россия  ЖККУга кирген мамлекеттерге алдын ала билдирүүлөрдү жасап жатышат.

Белгилүү болгондой 19-апрелдеги  Афганистандын борборунда жардыруудан 60тан ашык адам мерт кетип,  300дөйү жаракат алды. Жардырууну “Талибан” экстремисттик кыймылы мойнуна алды. Буга чеийн алар  жазгы  чабуул башталгандыгы тууралуу билдирүү тараткан болучу. Аймактагы мындай көрүнүштөр тез-тезден кайталанып, ал айрыкча коңшу  мамлекеттерди тынчсыздандырууда. Соңку мезгилде өздөрүн ислам мамлекети деп атаган уюм алыскы жана жакынкы  чыгыш  өлкөлөрүндө өз бийлигин  орнотууга  аракет көрүп жатышат. Белгилей кетсек, өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган  терроисттик уюм  Афганистанда өз  таасирин өткөн жылы жайылта баштаган.  Азыркы тапта  Кабул бул уюм менен күрөш жүргүзүүдө.  Аймактагы мындай абалга тынчсызданган Афганистанга канатташ жайгашкан өлкөлөр  да коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын талдоочулар айтууда.

Г. Усенова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз