Policy

Путин: Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү image Фото: ТИМ КР

21 Апр, 2016 715

Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев орус президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Расмий иш-чара Кремлдеги чоң жыйындар залында Путиндин чет элдик дипломаттар менен жолугушуусунун алкагында болду .

Орусиянын президенти Владимир Путин  өз  сөзүндө Кыргызстан Евразия экономикалык мейкиндиктеги Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин  белгилеп, Кыргызстанга соода-экономикалык тармакта жардам көрсөтүү уланарына  токтолду. Ал эми Орусиянын   тышкы  иштер  министрлигинин  атайын  өкүлү Мария  Захарова  эки  мамлекеттин  ортосундагы  алаканын тамыры  терең  экенин  белгилейт.

“Кыргызстан  менен  Орусиянын  ортосундагы  стратегиялык  өнөктөштүк улам  бекемделип  баратат. Бишкектин  бул  багыттагы ишин  баалоого  болот. Кыргызстанды  биз  Бобор   Азиядагы  негизги жана  ишенимдүү  өнөктөшүбүз  катары  билебиз. Эгерде  көйгөй  жаралса, аны  конструктивдүү  жол  менен  чечебиз”.

Дүйнөлүк каатчылык   шартында  кыргыз-орус алакасы мындан дагы чыңдалышы керектигин   айткан    экономист  эркин Абдразаков ЕАЭБ  алкагында  Орусиянын экономикалык  салымы  чоң  экендигин  жана  мындан  ары  да  негизги  өнөктөшү катары калаарына  ишеним  артат.  

Орусия ири суммадагы акчаларды которуп, ишкерлерге жардам берип жатканы эки өлкөнүн кызматташтыгы артып баратканынан кабар берүүдө. Бирок,   бул өз ара мамиленин чеги эмес  дейт  эл  аралык  экономикалык  мамилелер  боюнча серепчи   Нурадил  Раимбеков. Анын  пикиринде    Кыргызстан ЕАЭБтин экономикалык процесстерине толугу менен   аралаша албай  жатат, бирок,   өлкөнүн   экспорттук  потенциялынын  жогорлашына  кеңири  мүмкүнчүлүк  түзүлдү.   

Кыргызстан, калкынын саны жана экономикасы  чакан, аймагы кичинекей  болгон  менен  ири мамлекеттерге салыштырмалуу, Евразиялык интеграциянын чегинде ийгиликке көбүрөк жетишиши мүмкүн. Биринчи кезекте, ийгиликтин көлөмү түздөн-түз республиканын саясий элитасынын жана ишкерлер тобунун активдүүлүгүнөн    көз каранды  болоорун  белгилейт  орус  аналитиктери.

Эске  салсак,  кризистик кырдаалга карабай, Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны кыскарбастан, 2%га көбөйгөн. Ошону менен катар 2015-жылы акча которуулар 1 млрд. 40 млн. АКШ долларын түзгөн. Мындан сырткары бажы жана санитардык барьерлерди алуу сындуу бир катар артыкчылыктар  берилди. Талдоочулар   мындан  ары  да  Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу кыргыз-орус кызматташтыгынын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгышын шарттайт.

М. Базлакунова, “Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз