Society

Таштанды балдардын саны көбөйдү image Фото: Интернет

22 Апр, 2016 1233

Акыркы кездери  өлкөдө  таштанды балдардын саны көбөйдү. Маселен, 2014-жылы  республикада  93 баладан баш тарткан учур катталган, ал эми  2015-жылы  алардын саны  98 ди түзгөн.  Мындан улам саламаттык сактоо министрлиги медицина мекемеринин  алдына  “бөбөк-кутуларын” коюу аракетин  көрүудө. Мындай  демилгенин терс да жактары чыгарын  айрым  адистер айтууда.

Жаңы төрөлгөн ымыркайды  оорукананын алдына, турак-үйлөрдүн жанына, таштанды урнасына,  атүгүл  дааратканага таштап кеткен учурларды көп эле кезигет. Өкүнүчтүу, үрөй  учурган көрүнүштөр да жок эмес. Мындан улам саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйлөрүнө энелери баш тарткан ымыркайлар үчүн атайын кутучаларды орнотууну сунуштап  жатат. Шаардык саламаттык сактоо департаментинин өкулү Раиса Асылбашеванын айтуусунда,  бул багытта атайын комиссия иштеп жатат.

Европа өлкөлөрүндө "бөбөк-кутулар" тажрыйбаланып  келет. Бирок, мындай жерлер  анонимдүү  болуусу  жана кыш мезгилинде атайын ыңгайлуулуктары болуусу шарт. Мындай жагдайда  ташталган наристелердин  өмүрү сакталмак  деген  эл өкулү  Махабат Мавлянова дал ушул маселени  Жогорку Кенештин 21-апрелдеги жыйынында  көтөрду.

Бирок мындай демилгени  көпчүлүк  эле  колдой бербейт. Алардын айрымдары  муну менен  баласын таштаган энелерге шарт түзүлүп, күкүк-энелер көбөйүп кетет дешсе, дагы бири  дааратканаларга, акыр-чикирлерге ташталган  балдардын өмүрү сакталып калаарын айтышат. Деген менен  ислам дининде баланы таштап кетүү чоң күнөө  экендигин   айткан дин таануучу Асан Саипов,  мындай  демилге күнөө жасоого шарт түзөөрүн  белгилейт.

Ымыркайлар үчүн  кутуларды орнотуу менен маселе  чечилбейт. Мындай оюн билдирген  балдарды коргоо борборунун кызматкери  Таалай Жакыпов,  мындай  аракеттер менен  ымыркайларды таштап кетүу көрүнуштөрдүн тыйылышынан күмөн санайт.

Мындай кутуларды  Италия, Германия жана Пакистанда  кеңири колдонушат.  Бул  ыкманы  Кыргызстанда  да колдонуу тажрыйбасы  ымыркайларды өлүмдөн сактап калууга жардам берет, ошол эле учурда  балдарды  сатууга  да шарт түзүлүшү ыктымал деп кооптонот экс-депутат Дамира Ниязалиева.

Кошумчалай кетсек,  2014-жылы  Бишкекте  ташталган  93 бала  каталса ,2015-жылы  алардын саны  98 ди түзгөн.

Г. Усенова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз