Өзгөчө кырдаал

"Тилсиз жоодон" кантип сактанабыз? image

22 Апр, 2016 1780

Сел агындары анча чоң эмес өзөндөрдө күтүүсүздөн пайда болуп, курамы тоо тектеринин калдыктарынан турган аралашманы тездик  менен агызып  келген  табигый кырсык. Кыйраткыч күчкө ээ болуп, ылайланган   суу   адам өмүрүнө коркунуч  келтирип, социалдык   инфраструктураны  жабыркатат.

  Селдин пайда болчу себептери:

  • Нөшөрлөнгөн жамгырлар;
  • Кардын жана мөңгүлөрдүн тездик менен эриши;
  • Көлмөлөрдүн жырылып кетиши;
  • Жер көчкүнүн жүрүшү жана жер титирөө болуп саналат.
  • Жарандар сел болуп жаткан учурда  эмнелерди эске алуулары зарыл?
  • Коркунуч тууралуу маалыматты жана кабарлоону байкап, мурун даярдап коюлган документтерди, баалуу буюмдарды, жылуу кийимдерди жана тамак-аш азыктарын алуу керек;
  • Келе жаткан селдин дабыштарын угуп жана суунун бозомук тартып баштагандыгын көргөндөн кийин төмөн жактан жогору көздөй көтөрүлүшу зарыл;
  • Кооптуу жолдордо автоунаада жол жүрбөөсү абзел;
  • Баса турган жолу селдин нугунда  болбошу  керек.

 Кырсык болуп өткөн соң:

  • Бир жолку өткөң селдин агымынан кийин күтүп туруу керек, анткени андан кийин экинчиси болушу ыктымал;
  • Жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдө  селдин агымынан өтпөңүздөр  жана агымдан алыс туруңуздар;
  • Эгерде сиз жаракат алсаңыз-өзүнүзгө дарыгерге чейинки жардамды көрсөтүнүз, тактап айтканда, жаратка алган жериңизге жаныңызда   муз   болбосо муздак буюм басып, же таңып коюңуз. Андан кийин дарыгерге  кайрылууну  унутпаңыз.

Эгерде адам өмүрүнө  коркунуч келе турган  чукул кырдаалды байкасаңыз, же кырсыкка кабылып жардам керек  болуп калса, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  республиканын бардык аймактарындагы  бөлүмдөрүнө  кайрылыңыздар,  ошондой эле аталган министрликтин ыкчам тобунун 112 телефонуна чалыңыздар. Алдын ала берилген эскертүүлөргө көңүл коюп, өзгөчө кырдаалдарга камбыл болуңуз!

Г. Каражанова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз