Экономика

Беловодск айылында «Каризма Трейд» кыргыз-түрк ишканасы ачылды image Фото: ab.kg

10 Июль, 2019 3399

Москва районунун Беловодск айылында  кыргыз-түрк ишканасы ачылды. «Каризма Трейд»  аттуу компания  нымдуу жүз аарчыларды чыгарат. 

Маалыматка ылайык,  «Айыл Банктын» колдоосу  менен  фирма лизингге  жабдууларды сатып алышкан. Аппараттарды сатып алышкан. Ишкананын продукцияларын кыргызстандагы бардык соода түйүндөрүнөн тапса болот. 

Мындан тышкары, продукциялар Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттолот. Алдыда тазалоочу каражаттарды чыгаруу пландаштырылууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз