Society

Лев Толстой көчөсү убактылуу жабылды image Фото: www

16 Июль, 2019 442

Бишкек  шаарындагы  Лев Толстой көчөсү кыймылга жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, анын 7-апрель көчөсүнө кайрыла турган бөлүгүндө “Бишкек жылуулук тармактары” түтүктөрдү калыбына келтирүү иштерин аткарууда. 

Жумуштар 31-августка чейин созулат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз