Sports

Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт image Фото: www

18 Июль, 2019 251

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Мелдеш Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюунун 5 жылдыгына жана Евразиялык интеграциянын 25 жылдыгына арналып өткөрүлөт. 

Бильярд боюнча өтө турчу биринчилик 7-августтан 14-августка чейин уланат. Анын "Эркин пирамида" түрү боюнча 20дан ашык өлкөдөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Мелдешти уюштурууну жана өткөрүүнү Эл аралык пирамида конфедерациясы көзөмөлдөйт.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз