Sports

Футбол 2022: тандоо турларында беттешчү командалар белгиленди image Фото: www

18 Июль, 2019 353

2022-жылы өтө турчу  футбол боюнча дүйнө чемпионатынын  алкагында, азия футбол конфедерациясынын таңдоо турларында беттешчү командалар белгиленди.

 Чучукулак 17-июль күнү Малазиянын Куала-Лумпур шаарында өттү. Анда жалпысынан 40 команда 8 группага бөлүндү. Кыргызстан командасы  F тайпасында Япония, Тажикстан, Мьянма, Монголия футбол командаларына каршы ойной турган болду. 

Александар Крестинин баштаган улуттук курамабыз алгачкы беттешин 5-сентябрда Тажикстанда  өткөрөт. Ал эми 10-октябрь күнү Мьянма курамасын Бишкекте кабыл алат.Турнирдин жыйынтыгы менен ар бир группадан эң көп упай алган бирден команда жана эң мыкты көрсөткүчкө  ээ болгон 4 команда,жалпы 40 командадан 12 команда дүйнө чемпионатынын кийинки баскычына өтүп,аны менен бирге 2023-жылы боло турчу Азия футбол кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз