Дүйнө жаңылыктары

Гулнара Каримова абактан ооруканага которулду image Фото: www

19 Июль, 2019 2216

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун  кызы Гүлнара Каримова абактан ооруканага которулганын  жактоочусунун билдирүүсүнө  таянуу  менен  чет элдик маалымат каражаттары   жазды.  

Гүлнара Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, Ташкент шаарындагы абакка камакка алынган. 

Гулнара Каримова Ташкент облусунун Зангиота районундагы №21 абакта жазасын  өтөп жаткан.

 2015-жылы ага  Швеция, Швейцария жана Америкада кылмыш иш козголуп, миллиарддаган долларга ээлик кылган  деп   айыпталган. 

2017-жылы декабрь айында ал Өзбекстанда 53 млн. долларды кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кесилген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз