Спорт

Тилегенова Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдештен четтеди image Фото: sport.ru

25 Апр, 2016 609

Кыргызстандык спортчу Розалия Тилегенова кыз-келиндер күрөшүндө Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште жеңилип калды. Бул тууралуу таймаштардын расмий сайты жазып чыкты. Мелдеш Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жатат. Жобого ылайык, Олимпиадага жолдомо алуу үчүн финалга чыгуу зарыл болчу. Бирок Тилегенова алгачкы кармашында венгриялык Рамоне Галамбоско утулуп, 18-орунду камсыздады.

Эске салсак, кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадага жалгыз жолдомону Айсулуу Тыныбекова алган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз